Манасчы Дөөлөт Сыдыков ушул сааттарда Ош шаарындагы “Алымбек датка” этнографиялык борборунда Манас айтууда. 19-мартта  Манас айтууну баштаган манасчы эртеңки күнгө чейин айтмакчы. Манасчынын жубайы Ырыс Окенова шаардыктарды Манас угуп кетүүгө чакырды.

«Манас угуучулардын саны саат сайын өсүп жатат. Көпчүлүк жаштардын дагы Манаска болгон кызыгуусу күч экенини баамдадык. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Манас айтуу иш-чарасына келип Манас угуп кетти.
Урматтуу Ош шаарынын тургундары, коноктору келип Манас угуңуздар! Манасчыны жанынан угуу дагы маанилүү. Манас угуу маданиятын өстүрөлү. Манастагы күч, энергия бул аалам!»,-деди Окенова.

Белгилей кетсек, 12-ноябрда Бишкектеги “Ала-Тоо” аянтында манасчы Дөөлөт Сыдыков “Гиннес” рекорддор китебине кирүү үчүн, тынымсыз, суу да ичпей 14 саат 27 мүнөт 51 секунд “Манас” айткан.