Каарманыбыз Гүлниза Урукова биринчи топтогу майып. 20 жылдан бери карылар үйүндө күн кечирип келет. Бош убактысы боло калса кол өнөрчүлүк менен алектенип, тапшырык алган кийимдерди тигип, дайыма эмгектин үстүндө. Биз Гүлниза айымдын башынан өткөрүп жаткан турмушу тууралуу азыноолак маек курдук.  

Гүлниза Урукова Чүйдөгү Ысык-Ата районундагы Төмөнкү-Серафимовка айылында жайгашкан карылар жана майыптар үчүн социалдык стационардык мекемесинде жашаганына 20 жылдан ашты. Тубаса биринчи топтогу майып болгондуктан майыптар үчүн ыңгайлашкан коляскада отурса дагы кол өнөрчүлүк менен алектенип, андан түшкөн пайдасына кызын чоңойтуп, өзүнүн кем каржысын каржылап келет. Алган 750 сом пенсиясы эч нерсесине жетпей турганын айтат.

— Мен Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Бөкөнбаев айылынан болом. Бул мекеме 1999-жылдары келгем. Жолдошум каза болуп калгандыктан, ден соолугума байланыштуу бул жакта жашаганыма 20 жылдан ашты. Жашым 50дө. Бир кызым бар. Учурда Бишкек шаарынын лицейлердин биринде окуп жатат. Апам бар, атамдын көзү өткөнүнө бир топ жыл өттү. Үй-бүлөдө жети бир тууганмын. Кудайга шүгүр алардын баары алтын саны аман, баары үйлүү-жайлуу болушкан. Менден бат-баттан кабар алып, абалымды сурап турушат. Кызымдын каникулу болгон учурда Ысык-Көлгө эс алып турам.

Урукова жаңыдан келген жылдары бирин-серин гана кыргыздар болбосо калганы бүт орус улутундагы карыялар түзчү. Азыр болсо жаштар, анан кыргыздар көбөйө баштаганын айтат.

— Бул мекеменин жашоо шарты жакшы. Ар бир бөлмөдө ажаткана, жуунчу жай жайы бар. Он күндө бир жолудан мончого түшүрүп турат. Карыялардын баары бул жерде жашаганына ыраазы. Ушул жерден агарып, көгөрдүк дегендей. Өкмөт бизге окшогондорду карабаса ушунча карыя кайда жашамак. Азыркы заманда ар кимдин өзүнүн көйгөйү, жашоосу, тагдыры бар дегендей. Мен жаңыдан келген жылдары бул жакта карылар көп болчу, бирин-серин гана кыргыздар болбосо калганы бүт орус улутундагы карыялар түзчү. Азыр болсо жаштар, анан кыргыздар көбөйө баштады. Бул жака ар кандай тагдырлар менен келгендер бар. Кээ биринин байбичелери өтүп кароосуз калып бул жерге жашаса, кээ биринин уул-келиндерине батпай, тил табыша албагандыктан келет. Айрымдары өз каалоосу жашагандар бар. Азыркы заманда элде ыйман жок болуп калды. Карылар төрүнөн куулуп, неберелеринен алыс калып, карылар үйүндө аргасыз күн кечирип келишүүдө. Кыргызда ата-энесин таштоо деген болгон эмес. “Карысы бардын ырысы бар”, “Эне үйдүн куту, кары төрдүн көркү” болгондуктан сый-урматка ээ болуп келген. Андыктан жаштарды ыймандуу, ызаттуу болууга чакырат элем.

Эмгекти сүйгөн каарманыбыз колу бош болуп калган учурда курак курап, түймө түйүп, туруктуу жумушун түзүп алган. 

— Үйдө бош отурган күнүм болбойт. Аялдын үйдөгү түйшүгүн айтпаса деле түшүнүктүү. Ар бир күнүм иш үстүндө өтөт. Колумдан келген жумуштун баарын жасай берем. Көрпө-төшөк, жаздык бүт баарын тигем, байпак токуйм, курак курап, түймө түйүп көңүлүмө жакын адамдарга туулган күндөрдө, майрамдарда белекке берип турам. Тапшырык бергендерге өзү каалагандай кийимин тигип берем. Жаш балдардын кийим-кечесин тиктирип, материалдарын өздөрү алып келишип тапшырык бергендер бар. Алардын көңүлүнө чактап тигип берем. Бөлмөдө гүл өстүрөм. Айтор кичине бөлмөмдө колуман келген ишти ушул жерден бүтүрүп, күнүмдүк турмушка керектелүүчү муктаждыктарымы жаап алам. Мындан тышкары ырдап, бийлеген да жайым бар. Бул жакта ар кандай маданий иш-чаралар бат-баттан болуп турат. 2013-жылы айымдар арасында сулуулар сынагы болуп, анда жеңишке жетишкем. Шахмат, шашки ойноп, спорттук оюндарда, ыр сынактарында алган сыйлыктарым, грамоталарым, дипломдорум бар.

“Майыпмын, оорукчанмын мени эч ким карабайт” деп чүнчүп, тагдырына таарынган майыптарга Гүлниза Урукова буларга токтолду:

— Бул жашоодо кыйынчылык ар биринде болот. Аны көтөрө билиш керек. Майып болуп калганыма эч убакта өкүнбөйм. Бул Кудайдын мага берген сыноосу. Муну көтөрө алган адамга гана берет. Мен бул жакта өзүмдү алты саным аман жүргөн катардагы эле адамдай элестетем. “Майыпмын, оорукчанмын мени эч ким карабайт” деп чүнчүп, тагдырына таарынган майыптарга айтаарым эч убакта өзүңөрдүн көңүлүңөрдү чөктүрбөгүлө. Бир нерсеге алаксып, кызыккан иш менен алек болгула. Ал эми айымдарга ар бир аялзатынын түгөйү менен болушун каалайм. Кудай жубайларды эч убакта ажырабасын. Жалгыздык жаман. Анткени бул жашоодо ар бир адамдын бактылуу жашоого татыктуу.

Кубанычбек Маматали уулу