Үйдө олтуруп эле чакан ишкердикти чоң бизнеске айлантууну көздөгөн мекендештерибиз арбын. Алардын бири “мүйүзчөлөр” аттуу таттууну өз колу менен жасап, алгач дүкөндөрдөн, эми кафелерден тапшырыктарды ала баштаган каарманыбыз Бегайым Пирманова менен өзүнүн чакан бизнеси тууралуу баарлаштык.    

— Бегайым эже алгач өзүңүз тууралуу айтып өтсөңүз?

Мен Баткен областына караштуу Лейлек районунун Исфана шаарчасында төрөлүп өскөм. Учурда 2 уул 1 кыздын энесимин. Жолдошум да Лейлектен болот. Экөөбүздүн тең жогорку билимибиз бар. Өзүм ОшМУнун юридика факультетин аяктагам. Юрист катары форма кийип, укук коргоо органдарында иштегим келчү. Бирок, ал тармакта иштеген жокмун. ОшМУнун финансы юридикалык колледжинде катчы-референт болуп, андан кийин укук таануу кафедрасында лаборант, окутуучу болуп иштеп жүрдүм. Бул учурда балдарым кичине болгондуктан бирин бала бакчага, экөөсүн мектепке алып барып, кыскасы убакытым эч нерсеге жетпегендиктен жумуштан чыгып, азыр үйдө чакан ишкердик менен алек болуудамын.

— Чакан ишкердик менен алектенүүңүзгө эмне түрткү болду?

Аял киши үйдө отурсаң деле, жумушта болсоң деле оюңдун баары балдарыңда болот эмеспи. Ал эми эркектин жумушу сыртта үй-бүлөнү багуу анын тапканын сарамжалдуулук менен иштетүү аял кишиден көз каранды. Жолдошум байланыш тармагынын биринде инженер болуп эмгектенет. Түштүк аймагына иш сапары менен көп чыгат. Ошондуктан такыр колу бошобойт. Үйдө олтуруп калганыма бир жылдан ашты, жаман эмес жакшы, балдарыңа эрмек болуп, таалим-тарбия бергенге кенен убакыт болот. Бирок, иштеген учурумда бирөөбүздүкүн топтоп, экинчибиздин айлыгын керек жарагыбызга иштетчүбүз. Жумуштан чыкканымдан кийин каражат топтогонго артпай калды. Каражатыбыз улам азайып “үйдө бош олтуруп калганым болбойт” деп, үйдө болсом дагы бир бизнести баштоого туура келди.

— Алгач ишкердикти эмнеден баштадыңыз?

Мурда досторум мага көп айтчу “кондитердик цех ачпайсыңбы, сенин колуңдан келет” деп, мен эч чыгына албай жүргөм. Оюма ушул идея келди. Алгач көп ойлондум, “кайсы нерсе биз жашаган Ош шаарында жок?” деп өзүбүз жашаган жердеги дүкөндөрдүн баарын көрүп чыктым. Таттуулардын, шириндиктердин бардык эле түрү бар печенье, кекс, пахлава, булочка жана башка. Бир эле мүйүзчөлөр (рогалики) жок экендигин байкадым да ушуну жасайм деп чечтим. Бул орус элинин ашканасынан алынган деп уккам, бирок биздин базарда көп эле кездешет.

— Мүйүзчө таттууларын жасоонун жолун кайдан үйрөнгөнсүз? Баалары канча, баарын өзүңүз жасайсызбы?

Бул азыкты даярдоонун жол-жобосун Наргиза аттуу курбумдан үйрөнгөм. Ага чексиз ыраазымын. Ал эми азыктын курамы тууралуу айтсам маргарин, майонез, коютулган сүт, ун керектелет. Баасын дүкөндөргө 150 граммын 55 сомдон тапшырам. Баарын өзүм эле жасайм, жардамчым азырынча жок.

— Той-топурлардан тапшырыктарды алып жатыптырсыз, күнүнө канча өлчөмдө өткөрүп жатасыз?

Бул бизнести баштаганыма 3 ай болуп калды. Күнүнө 1-5 кг чейин бышырам. Башта дүкөндөргө тапшырчумун, азыр кафелерден, той-топурлардан тапшырыктарды ала баштадым. Мындан башка деле тапшырыктарды алам мисалы, пирог, кекс торт бирок буларды азырынча жакын тааныштарыма, курбуларга эле даярдап берем. Келечекте ассортиментимди чоңойтом. Кудай буюрса ишим жакшы, бул жактан тапкан каражат менен үй-бүлөмдү камсыздоого кенен жетет.

— Алдыда чакан ишкердигиңизди мындан да көбөйтүп өнүктүрөйүн деген пландарыңыз барбы?

Кудай буюрса чакан шириндиктерди чыгаруучу цех ачсам деген планым бар. Азыр караштырып сурамжылап жүрөм, убакыт-сааты келгенде сөзсүз ачам.

— Бүгүнкү күндө көп адамдар “жумуш жок” деп чет өлкөгө кетүүгө мажбур болууда, ал жактан тапкан каражатты үйдөн деле тапса болот экен да?

Чет өлкөдө кыйналып, жакын адамдарыңды сагынып жүргөнчө ал жерден тапкан акчаны Кыргызстаныбыздан эле тапканга эмнеге болбосун. Баарынан мурда адамда калоо-аракет, жумушка болгон берилүүң болсо бардык нерсени жасасаң болот.

Кубанычбек Маматали уулу