ШКУнун Башкы катчысы Владимир Норов Президент Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады

180

Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысы Владимир Норов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Түн менен күндүн теңелишине дал келген бул керемет майрам адам менен жаратылыштын ортосундагы гармонияга өбөлгө түзөт, достуктун жана кызматташуунун туруктуу көпүрөлөрүн куруп, маданияттардын жана цивилизациялардын диалогун өнүктүрөт жана байытат. „Шанхай рухунун“ принциптерине толугу менен шайкеш келген коопсуз жана жаркын келечектин калыптанышына шарт түзөт», — деп айтылат куттуктоодо.

Владимир Норов Садыр Жапаровго ден-соолук, бакыт, бакубат жашоо жана Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшү үчүн мамлекеттик ишинде жаңы ийгиликтерди каалады.