Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Тюлеев жалпы Кыргыз элин Нооруз майрамы менен куттуктады.

«Ноорузубуз куттуу болсун!
Нооруз жаңы жылдын, жаздын, аруулануунун майрамы! Күн менен түн тогошуп табият ойгонгон улуу күн! Кыргыз эли эзелтен жаратылыш ойгонгон жаңы жылга чоң маани берип келген.

Үйүн арча менен аластап, жакшы тилек, аруу ниети менен дасторкон жайган.
Ардактуу бишкектиктер! Бардыгыңыздарга бекем ден соолук, үй-бүлөңүздөргө бакубат жашоо каалайм!

Мындан он жыл мурда Бишкек үчүн бир топ масштабдуу иштер жасалганын билесиздер. Бишкек тазаланып, шаардын келбети өзгөргөнү эсиңиздерден чыга элек деп ойлойм. Тилекке каршы, мен иштеген 1 жыл 9 айдын ичинде бардык чоң долбоорлорду ишке ашырууга убакыт жеткен жок.

Мен сиздерге Бишкекти таза, жашыл шаарга айлантып, шаардын бюджетине түшкөн ар бир сомду онлайн режиминде көрүп турасыздар деп убада берем! 4 жыл ичинде Бишкегибиз таптаза, жашыл келбетине келип, балдарыбыздын бактылуу күлкүсү угулган, баарыбыз мактана турган шаарга айланат!
Биз бул шайлоого мэр шайлоо үчүн бара жатабыз! Мени, “Ак Бата” партиясын шайлап берсеңиздер, сиздер үчүн мен 24 саат иштеп берем! Мени шайласаңыздар, сиздер жолдордун, коомдук унаанын, таза аба көйгөйүн чечүүдө 100 эсе көп пайда көрөсүздөр. Ар бир бишкектик эртеден кечке чейин коомдук транспортто, жолдордо, коомдук жайларда шаар бийлигинин камкордугун сезип турасыздар!

Себеби мен сиздер үчүн башымды сайып иштеп береримди билесиздер!
Айланайын шаардыктарым! Бишкек качан башка мамлекеттердин борборундай болот?! Качан намыстанабыз?! Ушул жолу бир силкинип туруп, шайлоого келгилечи!? 11-апрелде жарым саат убактыңыздарды бөлүп, мени шайлап бериңиздер! Кийин сурай турган адамыңар болот!

“Ак Бата” партиясын, мени шайласаңыздар, Бишкекти саздан мен чыгара алам! Ушул жолу иштей турган адамды шайлаңыздар! Сөздү азайтып иштей турган кез келди!»,-деди Тюлеев.

Буйрутмачы: «Ак Бата» саясый партиясынын каржылык маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Т.Абдымажимова (катталуу № 38.2021-ж.22.02) «Ак Бата» саясый партиясынын шайлоо фондунан төлөндү.