Мамлекеттик бажы кызматы Абхазияда катталып, бирок Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) аймагына убактылуу киргизилген унаалар тууралуу маалымат берди.

Бажы кызматы билдиргендей, Абхазиядан ЕАЭБдин аймагына убактылуу киргизилген унаалар ЕАЭБдин товары деп саналбайт жана бажы кызматтарынын көзөмөлүндө болот. Ага байланыштуу Кыргызстандын Бажы кызматы ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен бирге Абхазияда каттоодо турган унааларды Кыргызстандын аймагында мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча иш-чараларды жүргүзүп жатат.

«Абхазиянын унааларын ЕАЭБдин аймагына көбүнчө Абхазиянын жана Россиянын жарандары алып келүүдө.

Унаалар ЕАЭБдин аймагына убактылуу киргизилгенин тастыктаган документтер болуп унаа жана жүргүнчү бажы декларациялары саналат. Бул 2 документте унаанын ээси катары Абхазиянын жараны көрсөтүлөт», — деп айтылат Бажы кызматынын маалыматында.