Кечээ, 21-мартта Ош шаарында Төлөйкөн ат майданында Нооруз майрамына карата улуттук ат оюндар мелдеши болуп өттү.

Ош облусунун көк бөрү федерациясынын президенти Болот Дыйканбаевтин  айтымында  Нооруз майрамына карата уюштурулган туштук региону боюнча Жалал Абад облусунан , Баткен облусунан жана Ош облусунан жалпы 18 курама команда катышты.

» 5 күнгө созулган мелдеште финалга Өзгөндөн 2 курама команда чыкты. Оюндун жыйынтыгында 1-орунду » Өзгөн шаары » командасы ээледи. Таймаш 4:3 эсебинде аяктап, Өзгөн районунун командасы 2 орунду алды. Ал эми 1- орунду ээлеген көк бөрү командага 50 миң сом, 2-орунга 20 миң сом, 3-орунга 10 миң сом байге тапшырылды. Акыркы учурда түштүк регионунда улуттук оюндарга болгон кызыгуу күчөдү. Мындан сырткары мурда бир эле көк бөрүнү өткөзсөк  мына эми, байге кошо баштадык » Кунан чабыш» ,» Ат чабыш» . Буйруса дагы да болсо, мындай иш-чаралар аркылуу кыргыз оюндары өркүндөйт деп ойлойбуз»- деди Ош облусунун көк бөрү федерациясынын президенти Болот Дыйканбаев.