Лейлек районунун Коргон айылындагы “К.Сабыров” атындагы орто мектебинде Тогуз-Булак, Лейлек жана Катраң айыл аймактарында жайгашкан орто мектептеринин окуучулары ортосунда спорттук оюндун волейбол түрү уюштурулду.

Бул демилгени Лейлек РИИБнин жетекчилиги колго алып, мектептер арасындагы ынтымакты бекемдөө, зордук-зомбулуктун алдын алуу жана жаш өспүрүмдөр арасындагы укук бузууларга жол бербөө максатында уюштурулду.

Мелдешке жалпысынан 15 команда катышып, жеңүүчүлөргө Лейлек РИИБнин Ардак грамоталары, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми бул оюндун активдүү катышуучуларына баалуу белектер милиция кызматкерлери тарабынан тапшырылды.

Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы