Беловодское айылында адам өлтүрүүгө шектелип кырк жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 21-март күнү саат 16.30 чамасында милиция кызматкерлерине эркек кишинин сөөгү табылганы тууралуу билдирүү түшкөн. Факты Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси боюнча катталган.

«Кылмышка шектелип, кырк жаштагы А.Ж. аттуу аял кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш мастыктан улам келип чыккан чырдын негизинде жасалган. Шектүү Москва районунун Ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген », — деп билдиришти ГУВДдан.