Бишкек шаарында коронавируска чалдыккандардын саны көбөйүп жаткандыгы байкалат. Бул тууралуу  Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
Анын айтымында, өлкөдөгү акыркы суткада COVID-19 вирусун жуктуруп алгандардын саны 76 адамды түзсө анын 56 учуру Бишкек шаарына туура келген.

«Ошондуктан жарандарды 1,5 метр социалдык аралыкты сактоону, эл көп топтолгон жерлерге барбоону, беткап тагынуу жана өздөрүн жана жакындарын коркунучка учуратпоо үчүн ведомствонун сунуштарын аткарууну суранабыз», – деди.