Шашылыш билдирүү: Жакынкы бир саат аралыгында катуу шамал болушу күтүлүүдө

Бүгүн, 23-мартта  жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө  батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал катталышы күтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.