Канча ирет аракет кылып, үзүлгөндү улаганга, жартысын толтурууга, кусасын жазаарга, сагынычын, көксөөсүн басканга жан үрөсөм да, балам үчүн атасынын ордун баса албадым.

Башында атам качан келет, бүгүн чалбады, жумушунан чарчады деп өзүн сооротуп жүрдү. Бала жүрөгүн азапка салып, атасы башкага бүлө болгонун айталбадым. Батынып, бар күчүмдү жыйнап, жаңыдан сөз баштаарда, балам атасы менен чогуу ойногон күндөрдү айтып туруп алат. Мындай учурда, шарт эле айта салсам болбойт го. Кыялга батып, «атам келсе мынтип айтам, атам келсе эмгектен агай жасаткан отургучумду көрсөтөм»  деп пландап баштайт. Шек алдырбай күлүп карап, ичим туз куйгандай ачышып, сөздү башкага буруп кетем.

Анын башкага кетүүсүнө эмне себеп болду деп, жүйөөсүн издей берем. Балким бакабай катуу айттымбы? Балким ушунча жыл мени менен бактысыз сездиби өзүн, айтор, чечилбеген түйүн көп, мээмдин баарын ээлеп алган.

Анын башкага кеткенин абысыным айтып калды. «Шаарда курулушта иштеп жүрүп башкага баш кошуп алыптыр деп.» Аны укканда үстүмдөн бирөө муздак суу куйгандай болгон.

А, бирок, балама боорум ачыйт. Атасын ушунчалык жакшы көрөт. Бир жолу смс жазып, «балага чалып сүйлөшүп  кой, куса болду, такыр дайыныңды билбей чүнчүп кетти», десем, » баланы ортого салып, артка кайтарам деп ойлобо, эми анын өзүнүн баласы бар» деген жооп келди.

Айыл ичинде баш көтөрүп жүрө албай, кайгыга батып жүрсөм, бирөө балама атасы башкага баш кошуп алганын айтып коюптур. Ошол күндөн тартып балам өңдөн азып, атасына болгон сагыныч, кусалыгы жек көрүүгө айланып баратты.

Арадан бир канча жыл өттү. Балам мектепти бүтөөр жылы атасы келди.  Адашып, алданып калганын айтып жалбарды. Көрсө, курулушта иштеп жүрүп,  чогуу иштеген балдарынын бирөөсү үйүнө чакырып, туулган күнүн белгилешиптир. Көптөн бери ичпей жүрүп ичкенге бат эле мас болуп уктап калат. Таң атканда жанында бир аял менен чогуу ойгонот. Ал аял мастыгынан пайдаланып, экөө бирге болгонун, ага үйлөнөөрүн айтканын эстетет. Бирок, жолдошум эч нерсе эстей албайт. Ошентип, бир аз убакыт өткөндө жанагы аял келип, боюнда бар экенин, эгер үйлөнбөсө зордуктаган деп сотко берип каматаарын айтат. Анан экөө чогуу жашай баштайт. Кийин бала төрөлгөндө, жолдошума эмес кара тору болуп, пакистандыктарга окшош  төрөлөт. Ал жерден экөө урушуп, ошондо да алган аялы бала төрөт үйүнөн алмашып кеткен деп чыгат. Айтор, атабыз аны менен ажырашып, бирок, бизге келүүгө намысы жол бербей, кыйла кыйналып жүрүптүр. Акыры болгон күчүн жыйнап, балам бар деп келген кербези экен.

Баламдын  бир топ атасына жүрөгү муздап калган окшойт. Баягыдай жылуу мамиле жок. Керектүү нерсени гана сурайт.
Отуруп алып ойго чөмүлөм, айрым бир жеңил ойлуу адамдар, эмне кылат башканын бүлөсүн  бузуп, балдарды атадан айрып, ортосуна түбөлүк эстен кеткис так салып.

Азыр болсо баламды алдап, атасы менен ынтымак болуусуна болгон аракетимди жумшап жатам…

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.