Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин 23-март күнү коронавируска каршы вакцина сайдырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар  жазып чыгышты.

Маалыматка таянсак, Владимир Путин Россия өндүргөн 3 вакцинанын бири менен эмдөөдөн өткөн. Кайсы вакцина менен эмделгени жана Путиндин вакцина сайдырганы коомчулукка жарыяланбай турганын анын администрациясы мурда эскерткен.