Акыркы суткада, өлкөдө коронавирустун 115 жаңы учуру катталып, эки бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Ооруну жуктургандардын арасында бир медкызматкер бар.
Аймактар боюнча:
Бишкек шаарында — 66;
Чүй облусунда — 42;
Ысык-Көл облусунда — 3;
Нарын облусунда — 2;
Ош шаарында — 2.
Ошондой эле акыркы суткада COVID-19дан 65 бейтап айыкты. Коронавирустан Бишкек шаарында — 26, Чүй облусунда — 20, Ысык-Көл облусунда он, Жалал-Абад, Нарын жана Ош облустарында үчтөн бейтап айыкты.
Мындан сырткары илдеттен Бишкек шаарында эки бейтап көз жумду.
Жалпысынан Кыргызстанда COVID-19 инфекциясын жуктургандардын саны 87 652ге жетти. Алардын ичинен 84 339 бейтап айыгып, 1 492 киши көз жумду.