Бишкектин Дордой конушундагы жаңы бала бакчанын курулушуна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 балага, алты группага ылайыкташтырылган.

«Долбоордун сметасы жана документ иштери толук аягына чыкты. Курулган имаратта оюн бөлмөсү, уктоочу бөлмө, ашкана, даараткана, медициналык кабинет, музыка жана гимнастика залы болот. Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт. Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 48 миллион 398 миң 113 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат», — деп жазылат маалыматта.