Саясатчы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

“Мындай чечимге анын жана туугандары тарабынан жарандардын, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыгына каршы келген фактылардын жоктугу себеп болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Бабанов ошондой эле мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөн.