4- чейректен тарта бардык мектептер реалдуу шартка толук кайтат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Учурда ЖОЖдорду да оффлайн форматка өткөрүүнүн алгортми иштелип жатат. Этап-этабы менен ачылууда.

«Эгерде оору күчөй турган болсо же мектептен илдет аныкталса ал мекеме дароо жабылат. Дагы да жайыла турган болсо, район жабылат. Бир мектептин айынан республикадагы бардык мектептерди жаба турган болсок, анда бул кырдаалдан 2-3 жылдап чыкпай калышыбыз мүмкүн», — дейт Бейшеналиев.

Анын айтымында, онлайн билим берүүгө бардык мамлекет өтө алган жок. Кыргызстан бир жуманын аралышгныда онлайн окутууну бир жолго сала алганы мактоого татыктуу. Өлкө бул жагынан чөлкөмдө алдыңкы орунда.

Бирок онлайн форматта окутууда жетишпестиктер да орун алды. Айрыкча, мугалимдерге эки эсе оор болду. Окутуунун сапатына билим берүүнүн сыртындагы факторлор( гаджеттер, интернеттин сапаты) да тасирин тийгизди. Мындан улам мектептерди салттуу билим берүүгө өткөрүү замандын талабы жана ал оңойго турган жок.

Булак: «Марал» радиосу