Архангельск облусунун Северодвинск шаарынын тургуну карызынын бир бөлүгүн 22 килограмм тыйын менен төлөп берди. Бул тууралуу «Архангельск онлайн» басылмасы билдирет.

Россиялык жаран сот аткаруучулар кеңсесине жалпы салмагы 22 килограмм болгон эки жашык тыйын алып келген.
Алардын арасында 10 рубль, 1 рубль, 50 жана 10 копейка номиналындагы «кичинекей тыйындар» болгон. Жалпы сумма 38715 рубль 20 копейканы түздү.

Ал, эмне себептен карызды ушундай жол менен төлөөнү чечкенин ачык айткан жок, бирок, тыйындарды карызды төлөө үчүн чогултканын жашырган эмес.