Бул тууралуу Сереп Медиа агенттиги жазып чыкты.  Алардын маалыматына караганда, Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев мындан 11 күн мурда ага «генерал-майор» наамы ыйгарылганын жарыялаган эле.

Ал өзүнө бул жогорку наамды ыйгаруу тууралуу президенттин жарлыгы 4-мартта эле чыкканын социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирген болчу. Бирок андан бери дээрлик 20 күн өткөнүнө карабай, бул маалымат расмий ырасталбай келет.

Сереп Медиа агенттиги Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнө кайрылганыбызда, Сыймык Жапыкеевге “генерал-майор” наамы ыйгарылып,  же ыйгарылбаганы тууралуу маалымат жоктугун билдиришти.

«Генерал-майор» деген наам берилгени тууралуу мага эч маалымат келген жок. Аны ким айтканын билбейм, өзү отуруп алып сүйлөй берет экен. Бизден өткөн жок, мен ал наам кандай негизде берилерин жетекчиликтен сурап көрдүм эле. Кол башчы кимге, качан беришти өзү чечет экен. Бул тууралуу маалыматты ким билерин да билбейм«, — деген Галина Байтерек. 

Булак: Сереп Медиа агенттиги