Өлкөдө күйүүчү майдын баасы  өсүп жатат. Жыл башынан бери күйүүчү материалга болгон баа 23 пайызга жогорулап, 92-үлгүдөгү бензин 47 сом 90 тыйынды түздү, 95-үлгүдөгү майдын наркы 48 сом 90 тыйынга жетти.

Күйүүчү майдын кымбатташы бир катар факторлорго байланыштуу.  Россияда мунай өндүрүштүн көлөмүнүн азайышы, ички рыноктогу күйүүчү майдын тартыштыгы жана сомдун долларга карата төмөндөшү.

Мунай ташуучулар союзунун директору Заур Кипкеевдин айтымында, бензинге болгон баа жакынкы аралыкта төмөндөбөйт. Россиялык жеткирүүчүлөр менен түзүлгөн жаңы келишимге ылайык, бензиндин накта баасы 51 сомго жетти. Күтүлгөндөй, 1-2 айда күйүүчү майдын баасы 60 сомго жетиши мүмкүн.