Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы КЖБРге катталган Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча сотко чейинки өндүрүштү иликтеп жатат.

Сотко чейинки иликтөөнүн жүрүшүндө Бишкек шаарынын Аламүдүн -1 кичирайонунун аймагында жайгашкан Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгына тиешелүү батирлер аныкталган. Ал батирлер бүгүнкү күндө соттун чечими менен ээси жок батирлер катары таанылган.

Бүгүнкү күндө бул батирлер мыйзам талабына ылайык аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилиши керек болгон. Бирок, 2013-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктөр башкармалыгынын менен райондук администрациянын айрым кызматкерлери тарабынан Свердлов районунун Муниципалдык аймактык башкармалыгынын начальниги М.А.га батир Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү чечими жок берилген. Ал бүгүнкү күндө батирди бошотуудан баш артууда.

Андан сырткары, соттун чечими менен ээси жок батирлер катары эсептелген 34 батир аныкталып, алардын ичинен 5 батирде Бишкек шаарынын мэриясынын айрым жооптуу кызматтагы адамдары жашап жаткандыгы аныкталды.

Калган башка даректерде тергөөнүн тапшырмасынын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жашоочуларын аныктоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына камсыздоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш уланууда.

ИИМдин Басма сөз кызматы