Баткен облусундагы  Сүлүктү шаарында шахтада газ чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ 23-март күнү саат 10:00до ЖЧК “Ак-Тилек” шахтасында болгон.

“Жабыркагандар жок. Жерине ӨКМдин өзүнчө мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунун куткаруучулары тартылып, газ чыккан жерине тосмо орнотуп беришкен”, – деп билдиришти ӨКМдин маалымат кызматы.