Улан Ниязбеков түштүк аймактарына барган иш сапарынын жүрүшүндө Ош облусу менен Ош шаарынын ИИБнин ишмердүүлүгү менен таанышты

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Ниязбеков Улан Омоканович иш сапары менен Ош шаарында болду. Министр өзүнүн Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапарынан соӊ, Ош облусуна коӊшу жайгашкан Өзбекстан-Кыргызстан чек арасында жайгашкан «Достук» өткөрмө пункту аркылуу өтүп, Ош шаарына келди.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жыйындар залында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбековдун жетекчилиги астында Ош шаардык, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыктарынын, күзөт кызматынын начальниктеринин, ИИМдин Ички аскерлеринин 703 аскердик бөлүгүнүн (Ош шаарындагы), ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун командирлеринин катышуусунда жыйын болуп өттү.
Жыйын алдында министр Улан Ниязбеков өзүнүн Өзбекстан Республикасына жасаган иш сапары туурасында айтып берип, коӊшу мамлекетиндеги коомдук коопсуздукту сактоо багытындагы жетишкендиктерди үйрөнүп, жаӊы, керектүү өзгөрүүлөрүн бизде дагы киргизүү зарылчылыгын айтты. Ошондой эле, тажрыйба алмашуу зарылдыгына токтолду. Андан соӊ жыйын «суроо-жооп» форматына өтүп, министр милиция кызматкерлерин түйшөлткөн суроолоруна жооп берди. Негизинен суроолор штаттык бирдиктерди көбөйтүү, оптимизациялоо маселелери, материалдык-техникалык жактан камсыздоо багытында болду.
Жыйындын экинчи маселеси катары учурдагы жергиликтүү кеӊештерге шайлоо өнөктүгү, референдум учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоону талаптагыдай уюштуруу маселеси болду. Учурдагы коомдук кырдаал боюнча Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Акылбек Мамасейитов, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Жеӊишбек Абитов, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги милициянын полковниги Мурат Бороновдор кыскача маалымат беришип, жалпысынан аймакта кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө экендигине токтолушту. «Ички иштер органдарынын кызматкери шайлоо процессине аралашпоосу керек, кайсы бир саясый партиянын өкүлүнүн кызыкчылыгын коргой турган болсо-мыйзам алдында жооп берет. Милиция кызматкерлери коомдук коопсуздуктун сакчылыгында болуп, шайлоо алдындагы, шайлоо учурундагы жана шайлоодон кийин дагы ушул милдетти аркалайт. Өлкө жетекчилигинин элибиздин бизге койгон талабы, тапшырмасы дагы ушул»,- деп баса белгиледи министр. Аймактардагы ички иштер органдарынын кызматкерлири менен биргеликте, өз ара тыгыз мамиледе болуп, коомдук коопсуздукту сактоо, кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүүнү тапшырды. Жыйында катышып отурган кызматкерлерге өздүк курамга жеткирип коюу талабы менен 10 пунктан турган тапшырмасын атап өттү. Бул тапшырмада негизинен коомдук коопсуздукту сактоо багытында аткарылуучу негизги багыттар белгиленген.
Биринчи: Коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылып, ар бир жардам сурап кайрылган жаранга реалдуу жардам көрсөтүлсүн.
Экинчи: Көчөлөрдө, коомдук жайларда укук бузууларды алдын алып, элге сапаттуу кызмат кылууга, анын ичинде сервистик тейлөө көрсөтүүгө ар бир жетекчи ишти уюштурсун.
Үчүнчү: Ким гана кайрылбасын милициянын ачыктыгын, бүгүнкү күндө жаңы кадамдар менен, жаңы максаттарга жетүү үчүн элдин коопсуздугу, өлкөнүн туруктуулугу үчүн иштеп жаткандыгын көрсөтүү менен, элге сылык мамиле жасап иш алып баруу колго алынсын.
Төртүнчү: Кылмыштуулукка каршы күрөшүү, мурда катталган оор жана өтө оор кылмыштардын бетин ачуу боюнча башка укук коргоо органдары менен, тиешелүү кызматтар менен маалымат алмашуу иштери жүргүзүлүп, кылмыштардын бети ачылсын.
Бешинчи: Техникалык модернизацияны камсыз кылып, ыкчам кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу үчүн “102” линиясы боюнча келип түшкөн бардык чакырууларга ыкчам чыгуулар жеринде жогорку деңгээлде жардам көрсөтүүлөр жүргүзүлсүн.
Алтынчы: Эл менен түздөн-түз иш алып барган, аймактык инспекторлордун, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлордун, жол кыймылынын коопсуздугу, анын ичинде кайгуул милиция кызматынын ишмердиги көзөмөлгө алынып, элдин ишениминде боло турган абал түзүлсүн.
Жетинчи: Коомго татыктуу кызмат көрсөтүү үчүн, санариптештирүү иши андан ары улантылсын, керектүү райондорго, аймактарга “Бирдиктүү терезе” мамлекеттик кызмат көрсөтүүнү ачуу боюнча иштер жүргүзүлсүн.
Сегизинчи: Кадр сапатын жакшыртуу, өздүк курамдын адеп-ахлактык, кесипкөйлүк сапатын калыптандыруу багытында, Академиянын, Республикалык окуу борборунун Ош шаарындагы филиалдарына кесиптик даражаны жогорулатуу боюнча окутуулар уюштурулсун.
Тогузунчу: Коомго олуттуу зыян келтирген кылмыштарды, жоруктарды болтурбоо боюнча жергиликтүү бийлик органдары менен коомдун активдүү өкүлдөрү менен бирге эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.
Онунчу: Шайлоо өнөктүгү боюнча үгүт иштери башталгандыктан, коомдук коопсуздук чаралары жогорку деңгээлде камсыздалсын.
«Бир дагы милиция кызматкери саясий партияны же бир талапкерди колдоп, шайлоого аралашпашы керек. Милиция шайлоодон тышкары болуп, өзүнө жүктөлгөн милдеттерди гана аткарышы керек. Ушул талаптарды күнүгө эртең менен өтүп жаткан нускамаларда өздүк курамга туура түшүндүрүп, жеткирилсин»,- деди Улан Ниязбеков
Жыйын соӊунда ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков Ош шаары боюнча милициянын кайгуул кызматында болду. Имараттын абалы менен таанышып, өздүк курам менен баарлашты. Жаӊыдан ишке кирген милициянын кайгуул кызматынын автотехникалары менен таанышып, алардын техникалык мүмкүнчүлүгүнө кызыкты. Милициянын кайгуул кызматынын кызматкеринен планшетти пайдаланып, шектүү автомашина тууралуу кантип маалымат ала тургандыгын көрсөтүп берүүнү тапшырды. Өз кезегинде кайгуул кызматынын кызматкери ички иштер министринин талабына ылайык, иштөө тартибин көрсөтүп берди.
Андан соӊ ИИМ жетекчилиги Ош шаарынын Күкүм-Бий көчөсүндө жайгашкан милициянын кайгуул кызматынын командалык штабы үчүн берүү мүмкүнчүлүгү каралып жаткан имарат менен таанышып чыкты.
Түшкү тыныгуудан соӊ ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков Ош облустук ички иштер башкармалында болуп, башкармалыктын аткарып жаткан иштери менен таанышып чыгып, башкармалыктын жетекчилиги менен жыйын өткөрдү. ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков өздүк курам менен жолугушуусунда кылмыштуулук менен күрөшүүдө мыйзамдарды так аткаруу, жарандардын укуктарынын сакталышын камсыз кылуу, жарандардын милицияга болгон ишенимин кайтаруу жана элдин ишеничин актоо, ички иштер органдарынын ичиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу менен башталган реформаны сапаттуу аягына чыгуу деп ички иштер органдарынын негизги багыттарын эске салды.

ИИМдин Басма сөз кызматы