Ош облусу боюнча район акимдеринин жана алардын орун басарларынын аттестациялоо иши аяктады. Аттестациялоо 24-мартта жыйынтыкталганын Мамлекеттик кадр кызматынан билдиришти.

Аттестациялоонун биринчи этабы болгон компьютердик тестирлөөдөн 18 талапкерден 1 талапкер 50 пайыздык босогодон кем балл алгандыгына байланыштуу аттестациянын кийинки этабы болгон комиссиянын мүчөлөрү менен өтүүчү аңгемелешүүгө киргизилген жок.

Аттестациянын жыйынтыктоочу этабы болгон аңгемелешүүнүн жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй чечим кабыл алынды:

1 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет, кызмат боюнча көтөрүлүүгө сунуш кылынат;

13 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келет;

4 адам ээлеген кызмат ордуна шайкеш келбейт деген баага ээ болушту.

Аттестациялоонун жыйынтыгы боюнча өкмөткө аттестациялык комиссия тарабынан сунуш киргизилет. Кийинки аттестациялоо бекитилген графикке ылайык башка облустарда өткөрүлөт.