Премьер-министр Улукбек Марипов иш сапары менен Ташкентке учуп кетти. Ал Өзбекстандын борборунда 25-26-март күндөрү болот.

Марипов иш сапарынын алкагында Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын IX жыйынына катышып, Ташкент шаарындагы бир катар өнөр жай, инновациялык ишканалардын иши менен таанышат. Мындан тышкары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугат.

Делегациянын курамы:

— Премьер-министр Улукбек Марипов

— Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов;

— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;

— Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министри Гүлмира Абдралиева;

— Энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев;

— Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев;

— Экономика жана финансы министринин орун басары Султан Ахматов;

— Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров;

— Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Кадыржан Семетеев;

— Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн жетекчиси Айбек Айдаралиев;

-Айыл чарба министрлигинин алдындагы суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Абдыбай Жайлообаев.