Жер маселеси боюнча чыккан митингчилер менен Өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүм башчысы Сүйүнтбек Аликеев жолугушту.

Бүгүн эски аянтка 100дөй адам чогулган. Алар премьер-министр Улукбек Мариповдун Бишкектин четиндеги ЖЭБ-2 ишке кире турган болсо 400дөй үй-бүлө көчүрүлөт деген сөзүнө нааразычылыгын билдирип, жерди мыйзамдаштырып берүү өтүнүчү менен президентке жолугушууга келишкен. Митингчилердин айтымында, өкмөт көптөн бери жерлерди мыйзамдаштыруу убадасын берип келет, бирок чечим чыга элек.

Аликеев өз сөзүндө 400 үй башка жакка көчүлбөй тургандыгын айтты.

«Биз ЖЭБ башчысын жолугушууга чакырдык. Бул жерге келгениңиздерге рахмат. Жер маселеси боюнча сот болгон. Эмне кылуу керектигин чечебиз. Жер трансформациясы кыска убакытта бүтүп калбайт, 400 үй эч жакка көтөрүлбөйт», — деди.

Топтолгондор жолугушууга чыккан өкмөттүн өкүлүнүн сөзүн улам бөлүп, митингчилер аны уккан жок.

Митингдин катышуучуларынын бири «Азыр беш адамдан турган комиссия түзүлүп, президентин кабыл алуусун күтүп жатабыз. Дагы башка бирөө чыга турган болсо каршыбыз. Президенттин өзү менен жолугушубуз керек»,- деди.