Кыргызстандын «Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар» деген беренеси менен айыпталып, абакта жаткан блогер Тилекмат Турановдун жубайы соцтармактагы баракчасы аркылуу элге кайрылуу жолдоп, акыркы убактарда башынан оор күндөрдү өткөрүп жатканын билдирди. 
«Нооруз майрамы көңүлсүз өттү…
Бул Нооруз майрамын көңүлсүз, белексиз, Тилексиз тостук. Кызыбыз болсо эшик ачылган сайын эшикти көздөй жөрмөлөйт, атасы келбегенин түшүнүп, шагы сынганын көрүп дүйнөм тарып кетет.
Тилек эшиктен кирип келгенде жөрмөлөп жүргөн кызыбыз атасына шашып келчү эле. Кичинекей болсо дагы баарын түшүнүп тургандай, атабыз камалгандан бери күлкүсү азайды.
Тилек балдарга аябай жакын, баласаак адам. Атам менен апамды таарынтып албайлы деп күнүгө айтчу. Уулубуз Аруубек эмчектеги кезинен чоң ата, чоң энесинин колунда болсо дагы, атасын аябай жакшы көрөт. Ошол күнү дагы эрте менен «атаке бүгүн жумушка барбай эле койчу»- деп сезгендей жалдыраганы башкача болчу. Тилекмат уулубузду башкача, зээндүү деп айтып калчу. Жадакалса сотто дагы соттун акыркы сөзүн укканда көзүнөн жаш алды. Кичинекей бала билбейт дейсиң. Бирок баарын түшүнүп жашыды..
Жолдошум камалгандан бери баарыбыздын ичкенибиз ириң, жегенибиз желим болду. Канча жолу айттык укпады. Атам, апам, мен баарылап «Токтотчу» дегенибизде «Жетим жесирлердин акысы уурдалып жатса, чекарада жерлерибиз кетип жатса кантип унчукпай турам. Эркек болуп кантип басып жүрөм. Кудайдын алдына барганда кантип жооп берем» — деп койчу. Садыр Жапаров бир эмес, эки жолу кызмат сунуштаганда барбай койгонун мен алгач түшүнбөстүк менен кабыл алдым. Бирок Тилекматтын эңсегени кызмат эмес, акыйкат, адилеттүүлүк экенин билчүмүн. Экөөбүз таанышкан күндөн баштап «адилеттүүлүк» деген сөздүн маани-маңызын терең түшүнүп калдым. Кыргызстандагы белгилүү эле саясатчылар бир нече жолу акча сунуштаганда «арам акчага токчулук болгончо, жокчулук болсун» деп, өзүбүз батирде жашап жатсак дагы бир канча ирээт баш тартканын көпчүлүк билбейт.
Жолдошум камалгандан бери апамдын көз жашы кургай элек. Тилекматтын болсо сотто «бир кадам артка чегинбейм» деген сөзүнөн биз анын жакында чыкпасын түшүндүк.
Кыргыз элимден бир гана нерсе суранам! Тилекматтын боштондугу болбосо дагы, өлкөбүздө адилеттүүлүк, акыйкаттык, мыйзамдуулук өкүм сүрүүшүнө, жетим жесирлердин ырыскысы уурдалбасына бата кылып коюңуздар. Тилекматтын эңсегени болгону ошол!».-деди Турановдун жубайы Бактыбекова.