Кыргызстан менен Өзбекстан керектүү учурларда бири-бирине электр энергиясын берүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу Энергетика жана өнөр жай министрлигинен кабарлашты.

«Токтогул суу сактагычында сууну топтоп, 2021-2023-жылдар аралыгында Өзбекстанды сугат суу менен камсыздоо үчүн эки өлкө шарттуу баада 750 миллион кВт саат электр энергиясын алмашуу боюнча сүйлөштү», — деп айтылат маалыматта.

Тактап айтканда, коңшулар Кыргызстанга быйылкы жылдын март-октябрь айларында жана 2022-жылдын март-апрелинде электр энергиясын берсе, Кыргызстан аны 2021 жана 2023-жылдардын июнь-август айларында кайтарып берет.