Күйүүчү жана майлоочу майлардын аткезчилик жүктөрүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-мартта Лейлек районунун «Коргончо» чек ара бөлүгүндө күйүүчү-майлоочу материалдарды (болжол менен дизелдик күйүүчү май) алып өтүүгө аракет жасоо учурунда жасалма мамлекеттик номер менен коңшу республикалардын биринде каттаган эки Хюндай-Старекс унаасы кармалды.

«Такталгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды ташууга контейнерлер үчүн унаалардын кузовдорун атайын жасалгалаганы аныкталды. Алдын ала маалыматтар боюнча, жүктүн жалпы көлөмү болжол менен 8 тоннаны түзгөн. Учурда бул ишке катышкан адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.