Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 25-мартта, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Жеңгиз Камил Фыратты өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.

Эки тараптуу мамилелердин артыкчылыктуу багыттары, соода-экономикалык алакаларды өркүндөтүү чаралары жана мурда пландаштырылган долбоорлорду ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Жеңгиз Камил Фыраттын кызматташууну активдештирүүгө жана кыргыз-түрк саясий диалогун өнүктүрүүгө кошкон салымын канааттануу менен белгиледи.

Садыр Жапаров эки тараптуу мамилелерди сапаттуу жаңы деңгээлге чыгаруу ниетин билдирди. Анткени Түркия Кыргызстан үчүн стратегиялык өнөктөш гана эмес, бир тууган өлкө болуп саналат.

Президент кыргыз тарап өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүгө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүүгө, биргелешкен ишканаларды түзүүгө, агрардык, текстиль, тоо-кен, гидроэнергетика жана башка өз ара кызыгуу жараткан тармактарда кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду ишке ашырууга басым жасап келерин айтты.

Түркия элчиси Жеңгиз Камил Фырат Кыргызстанда дипломатиялык кызматын өтөө мезгилинде анын жигердүү иштеши үчүн жакшы шарттар түзүлгөнүн баса белгиледи.

Ал өлкөлөр ортосунда түзүлгөн стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлине канааттануу менен токтолуп, эки мамлекеттин башчыларынын катышуусунда өтө турган эл аралык иш-чараларды, алардын ичинен ТМККнын бейформал саммитин жана Кыргызстан жана Түркия ортосундагы стратегиялык кызматташтык боюнча Жогорку кеңештин жыйынын эске салды.

Жеңгиз Камил Фырат соода-экономикалык кызматташтыкты активдештирүү үчүн түрк ишкерлеринин Кыргызстанга келиши күтүлүп жатканын, ошондой эле Ысык-Көлдө кыргыз-түрк бизнес-форумун өткөрүү пландалып жатканын кошумчалады.

Түрк элчиси Президент Садыр Жапаровго өлкөдө саясий реформаларды жүргүзүүдө жана калктын бакубатчылыгын жогорулатуу боюнча жасаган иштеринде ийгиликтерди каалады.