Түш ченде күн ысып, тапчанда отурган кайын энеме муздак айран алып келдим. Жанына келсем ыйлап отуруптур. Коркуп кеттим.

– Апа тынчылыкпы? – деп сурадым.
– Жакшы балам, тиги кайын сиңдиңе ойлоном да. Деги оңолбой калды, – деп сөз баштады.

Жалгыз кыз деп көзүнө карап, айтканын аткарып, атасы эркелетип, бапестеп өстүргөнүнүн үзүрүн эми көрүп отурабыз.
Төрт уулдан кийин кудайдан тилеп жүрүп кыздуу болдук. Атасы кызын көкөлөтүп башкача өстүрдү. Башында кой деп каршы чыктым. Бирок, бала бат көнөт экен, атасынын сырын билген соң, таптакыр башына чыгып алды. Агалары «кой» деп каршы чыкса дароо атасына айтат да көз жашын көлдөтүп турат. Көйнөктүн түрүн, тамактын таттуусун жеп чоңойду. Кээде атасы жокто кыз адеби тууралуу кеп козголсо кулагынын сыртынан кетирип жүргөн экен. Мына эми, турмушка чыгып эки балалуу болгондо, көзүнө жаш алып, «апа, сени неге укпадым, неге мени уруп үйрөтпөдүң» дейт. Ошондо укса кана.

Алгач турмушка чыкканда, кайын журту түшүнүп, кайын энеси баарын үйрөтүүгө тырышты. Турмушта ар кандай болот эмеспи. «Жок» дегенге көнбөгөн кызыбызга кыйын болду. Кээде чалат, «үйдө эч нерсе калбады, ушинтип кандай жашоо болсун» деп. Кыйналсаң чыгып иште десек, кезинде анын ордуна атасынын акчасы окуган, жарытып иштей да албайт. Дайыма эле кызына баарын берет дейби деп төрт келинден тартынам. Кичүү келиним тың, жокту бар кылган кыз. Кээде кызымды урушам, «кичүү жеңеңди кара, сен курактуу, оокатка тың» деп.

Өзүң көрдүң, жоктун айынан күйөө бала Россияга кетти. Чыдамы жок кызым, эки баласын ээрчитип үйгө келип алды. Аны уккан күйөөсү «апамды карап отурбайт белең» деп чалбай да калды.

Кээде жеңелери силер менен былтыңдаша кетет. Келиндерим эстүүсүңөр, унчукпай кутуласыңар. Кээде отуруп күйүп кетем, эгер биз каза болсок мындай мүнөз менен кайда батат, кантип күн көрөт деп. «Кызга кырк үйдөн тыюу» деген жөн жерден айтылбаптыр. Азыр кызымдын оюнда, кийинип алып, атыр жыттанып, койкойгон бойдон эле жүрө берсе.
Мен ойлойт элем, турмушка чыкса, барды-жокту көрүп өзгөрөт, үйрөнөт деп. Терең жаңылыпмын. Теңирден тескери кетти. Күйөөсү сүйгөн үчүн гана үйгө батып жашап жүргөн окшойт. Же көп жумушту апасына билгизбей жолдошу жасап жүргөнбү? Айтор, азыр, ал жок баары өзгөрдү.
Дагы деле айтып, жасатып үйрөтүп жатам. Чырпык кезинде түз өспөсө, чынар болгондо түздөө татаал экен, – деди.

Угуп отуруп, апамды соороткон болдум.

– Кайгырбаңыз апа, биз барбыз го. Кыздын эркелигине көнүп деле калдык го, – дедим. Деген менен эне жүрөгү баары бир тынчсызданып жатканы сезилип турду.

Автору  Жазгүл Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазуу жүзүндөгү уруксаты менен гана мүмкүн.