Бишкектин Ак-Ордо конушунда жаңы мектептин курулушна тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык муниципалитеттен билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жаңы курула турган мектеп үч блоктон: окуу корпусу, спорт залы жана актовый залдан туруп, үч кабаттуу имарат болот. «Мектеп 750 балага, 23 окуу классына ылайыкташтырылган.

Долбоордун сметасы жана документ иштери толук аягына чыкты. Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт. Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 195 миллион 959 миң 79 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат», — деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, мектеп Ак-Ордо конушундагы Тагай-Бий жана Садыр-Аке көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашат.