Гуанчжоу Ооруларды алдын алуу жана көзөмөлдөө борборунун инфекционистери коронавирус инфекциясын жуктурган адам колдонгон күнүмдүк буюмдарда канча убакытка чейин инфекция сакталып кала тургандыгын аныкташты. Изилдөө Эл аралык жугуштуу оорулар журналына жарыяланды.

2020-жылы жазында окумуштуулар мейманканаларда жайгаштырылган 39 COVID-19 менен ооруган бейтапка байкоо жүргүзүшкөн.

Изилдөөнүн жүрүшүндө инфекция бөлмөнүн ичинде 28 күнгө чейин сакталып калганы белгилүү болду.

Төрт жума катары менен вирус ваннадагы раковинадан табылды. Үч жума бою ал каналда, эки жума даараткананын отургучунда сакталган. Орточо алганда, коронавирус инфекциясы ар кандай буюмдарда беш күн бою сакталып калган.

Жыйынтыгында, вирустун издери чөйчөктөрдө (100 пайыз), раковиналарда (12,82 пайыз), дааратканаларда (7,89 пайыз) телефондордо (5,56 пайыз) жана тумбочкалардан (5,56 пайыз) табылган.