Бишкекте көп кабаттуу үйдүн терезесинен 2 жаштагы кыз кулап кетти. Бул тууралуу Свердлов РИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-март күнү саат 18:04 чамасында 3- балдар ооруканасынан 102 кызматына билдирүү келип түшкөн. Анда 6- кабаттан 2 жаштагы кыздын түшүп кеткени айтылат.

Кырсык Бишкектин Чүй кең көчөсүндө көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБнин кызматкерлери барып, кыз 2019- жылы туулгандыгын аныкташкан. Учурда кыз жандандыруу бөлүмүндө.