Апрель айында Бишкекте дагы бир калкты тейлөө борбору ачылат.
Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Элдорадо соода борборунун базасында ачыла турган тейлөө борборунун жалпы аянты болжол менен 1245 чарчы метрди түзөт. Ал Open space режиминде иштейт.
Бүгүнкү күндө Бишкек шаарында алты калкты тейлөө борбору жана дагы эки чакан борбор бар.
Кыргызстандын аймагында 26 калкты тейлөө борбору иштейт.