Бүгүн, 2021-жылдын 26-мартында, саат 15:00дө Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев – делегация жетекчиси Кыргыз Республикасынын чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегациясынын Ташкент шаарына (Өзбекстан Республикасы) сапарынын жыйынтыгы боюнча басма сөз жыйынын өткөрөт.