Коом

Шабданбек Пратов: «Эмгегим сиңип, элимдин кадыр-баркына ээ болгонум мен үчүн чоң сыймык»

Учурда ИИОнун алдына коюлган тапшырмалардын бири эл менен милициянын ортосундагы ишенимди бекемдөө, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатуу экени жаӊылык эмес. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер негизинен алыскы аймактарда эл менен тыгыз байланышта иш жүргүзүп келе жаткан милициянын аймактык ыйгарым өкүлдөрүнө таандык. Өзү тейлеген аймакта «микро министр» деген атка ээ болгон кесиптешибиз, Ноокат РИИБдин милициянын улук аймактык ыйгарым өкүлү, милициянын майору Пратов Шабданбек Шарабидинович бүгүн биздин төрдүн коногу. Анда эмесе, кеп тизгинин Шабданбек мырзанын өзүнө ыйгаралы.


ЭЖЕЙИМ КЕЧИКСЕ, САБАК ӨТҮП БАШТАЧУМУН…
…Өзүм тууралуу сөз баштаардын алдында балалыгым тууралуу айта кетпесем болбостур. Анткени, алтын балалык ар бирибиздин турмуш жолубузга чыйыр салган башат эмеспи. Менин балалыгым Ош облусуна караштуу Ноокат районундагы Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Калинин айылында өттү. Мектепте аябай жакшы окудум, тартибим да жакшы болчу. Окуу менен катар коомдук иштерге активдүү катышып, класстык комитеттин милдетин аркалайт элем. Эжейим кандайдыр бир себептер менен сабактан кечигип калса, балдарды отургузуп алып өзүм сабак өтүп баштачумун. Менин окууга болгон кызыгуумду көргөн ата-энем жакшылап окусун дештиби, Ноокаттагы «Билимкана» лицейине беришти. Ошентип 8-класстан баштап 11-класска чейин ал лицейде билим алып, 2003-жылы окуумду аяктадым.
Билим алууну көздөп ошол эле жылы Баткен мамлекеттик университетине тапшырып, 2008-жылы инженердик-технологиялык факультетин аяктадым. 2016-2018-жылдары юридикалык билим алуумду улантып, ИИМдин милициянын генерал-майору Э.Алиев атындагы Академиясын окуп бүтүрдүм.

«НЕБЕРЕМ ШАБДАН БААТЫРДАЙ КЫЙЫН ЖИГИТ БОЛСУН!»
Балага ат коюуга кыргыз эли өзгөчө көңүл бурат эмеспи. Менин атымды «Шабдан баатырдай кыргыздын кыйын азаматтарындай болсун» деп чоң атам Дүйшөбай Пратов койгон экен. Чоң атам Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, 96 жашка чыгып кайтыш болду. Мен чоң атамдын колунда тарбиялангандыктан, басса-турса мага акылын айтып, турмушка жол көрсөткөн даанышман инсан эле…
Мен милицияга капыс эле келип калган жокмун. Агаларым милиция кызматында иштегендиктен, эрте менен формаларын кийип жумуштарына баратканын суктануу менен карап турчумун. Дал ошол мезгилде менде чоңойгондо милиция боломун деген аруу кыялдар жаралган. Ал кыялдар бара-бара алдыга коюлган максатка айланып, минтип форма кийип эл кызматында жүрөм…

«БИЗДИН МИКРО МИНИСТРИБИЗ КЕЛАТАТ…»
Ички иштер органдарындагы эмгек жолумду 2009-жылдын 11-августунда Ош ОИИБнын Кайгуул-күзөт кызматынын 2-ротасында милиционер болуп баштадым. Эл менен иштөөнүн сырларын, милиция кызматынын түйшүгүн ошол жерде жон терим менен сезип билдим. 2010-жылы Ноокат РИИБдин К.Асранов атындагы Көк-Жар аймактык милиция бөлүмчөсүнө аймактык тескөөчү болуп дайындалып, ошол күндөн ушул күнгө чейин бул кызматты аркалап келем.
Тейлеген аймагыңда кандай гана окуя болбосун, кырдаал жаралбасын милициянын аймактык ыйгарым өкүлүнүн ролу чоң. Учурда мен тейлеген Көк-Жар айыл өкмөтүнө караштуу Көк-Жар, Алашан, Сарыканды, Борбаш, Жийде, Каранай айылдарынын калкы мени той-топурга, мааракелерге чакырып, «биздин микро министрибиз келатат» деп тосуп алышат. «Дарак бир жерден көгөрөт» дегендей, эмгегим сиңип, элимдин кадыр-баркына ээ болгонум мен үчүн чоң сыймык.
«МЕН ДАГЫ СИЗГЕ ОКШОП ФОРМА КИЙГИМ КЕЛЕТ…»
Мен тейлеген аймактын эли ынтымактуу. Менин ар бир жасаган ишимди колдоп, колдон келсе жардамдарын берип келишет. Дагы бир белгилей кетчү нерсе, ички иштер органдарынын ардагерлери кылмыш ишинин бетин ачууга көмөк көрсөткөн учурлары арбын. Айыл тургундарынын балдары менин кийген формама, кызматыма таасирленип, «Мен да сизге окшоп форма кийип иштесем болобу?» деп кайрылган учурлар бар. Мен андай учурда милиция кызматы оңой-олтоң иш эмес экендигин айтып, ал үчүн билим алуу керектигин, спорт жагынан күчтүү даярдык зарылдыгын айтып калам.
КАРДАГЫ ИЗ КЫЛМЫШКЕРДИН ҮЙҮНӨ КИРИП…
Деги эле эл менен иштеген кызыктуу, ар күнү түрдүү окуяларга туш болуп, түрдүү кырдаалды баштан кечирип келесиң. Тейлеген аймагымда эл мал кармагандыктан, мал уурулук көп катталат. Мал уурулук демекчи, айыл жергесинде мал айрым үй-бүлөлөрдүн колдо бар байлыгы, көпчүлүк адамдар жашоодогу турмуш тиричиликтерин мал менен өткөрүп келишет. Мындай үй-бүлөлөрдүн малы уурдалса, түйшөлүп түнкүсүн уктабай чыгып кетем…
2017-жылдын январь айы эле. Эрте менен саат 8де жумушума келдим, аңгыча артымдан бир аксакал киши кирип келди. Ал аксакал кишини жылуу кабыл алып, эмне максат менен келгенин сурадым. Ыраңы купкуу болуп кеткен ал киши мага карап: «Балам, сага арыз-муңумду айтканы, арыз жазганы келдим.Менин адырдагы сарайымдан байланган жеринен үч баш малымды уурулар уурдап кетишиптир..» — деди. Аксакалдын арызын алып, андан кийин мал уурдалган сарайга барып кароо жүргүздүм. Бироокумда сарайдын арткы жагынан бир өтүктүн жана малдын жаңы түшкөн изин таап алдым. Ошол өтүктүн жана малдын изин кууп олтуруп, адырдан 5 кмдей жөө басып, бир айылга кирип келдим. Айыл ичине киргенде жанагы изди жоготуп алдым, анткени айыл ичинде ары-бери баскан адамдардын да, малдын да издери көп болчу. Эми эмне кылам деп, ошол жерде башым катып отуруп калдым. Бир аздан кийин ошол айылга талдоо жүргүзүп, ал айылда мурда мал уурулук менен соттолгон бир киши жашарын эстедим. Акырын ал киши жашаган үйгө басып баратып, жанагы мен жоготкон өтүктүн изи ошол үйгө кирип кеткенин байкап калдым. Ал кишинин атып айтып чакырсам, үйдөн аялы чыгып, «Күйөөм кечээ күнү үйдөн чыгып кеткен бойдон келген жок. Достору менен ичип жүрсө керек» деди…
Бул тууралуу жумушка келип жетекчиликке кабарладым. Ыкчам иликтөө иш-аракеттеринин натыйжасында көп узабай шектүү адамдын Бишкекте жүргөнү такталды. Жетекчиликтин уруксаты менен бир ыкчам кызматкер экөөбүз Бишкек шаарына келип, издеген адамыбызды кармадык. Шектүү адам биз анын артынан Бишкекке чейин келерибизди күтпөгөн экен, өңү таптакыр бозоруп кетип: «Менин Бишкекте экенимди кайдан билдиңер?..» деди шыбырай… Көп өтпөй күнөөсүн моюндаган ал адам, малды сатып, акчасын алып Бишкекке келгенин айтып берди…
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ МЕНЕН АЛАКАНЫ ЖАКШЫРТЫШ КЕРЕК
Учурдагы ички иштер органдарынын приоритеттүү тапшырмаларынын бири эл менен мамилени бекемдөө, элдин милицияга болгон ишенимин арттыруу эмеспи. Бул багытта иш жүргүзүү — жер-жерлердеги менин кесиптештеримдин бирден бир милдети. Ал үчүн биринчи кезекте айыл өкмөттөр менен болгон алаканы жакшыртуу зарыл дейм.
Өзүм тейлеген аймакта айыл өкмөттөрү, айыл аксакалдары, мечиттеги имамдар, ИИОнун ардагерлери менен тыгыз байланышта иш алып барып, ал бир жаралган маселе, көйгөй болобу, алар акылдашып келем. Милицияны колдоого алган айыл өкмөттөрү биздин формалык кийим-кечелерибизди тиктирип беришет, ар түрдүү рейд өткөн учурда бизге күйүүчү май жагынан каралашып турушат. Албетте, мындай камкордукка, жардамга биз-милициянын аймактык тескөөчүлөрү ак кызматыбыз менен жооп кылып келебиз.
ЖУБАЙЫМ ЖАНА БАЛДАРЫМ–МЕНИН ЖАШООДОГУ ЧОҢ БАКТЫМ
Өйдө чыксам өбөгүм, ылдый түшсөм жөлөгүм-келинчегим Элнура.Менин кеңешчим, жардамчым, үйүмдүн кожейкеси, балдарымдын сүйүктүү апасы. Жумуштан чарчап келсем, келинчегим ысык тамагын даярдап, кеп кеңешин айтып, колдоп турат. Ал бар үчүн үйүмдө береке-кут бар, формам таза, үтүктөлүү. Келинчегим экөөбүз үч баланы татыктуу тарбиялап келебиз. Улуу балам Билал учурда Көк-Жар айылындагы гимназияда 1-класста окуйт. Мен жумуштан кайтканда «Аталап» тосуп алган Жасмина менен Рамисти көргөндө бүт нерсени унутам, чарчаганым жазылып, көңүлүм ачылат. Андыктан бош убактымдын баарын үй-бүлөмө арнайм. Дем алыш күндөрү өзүм базарга барып, керектүү азык-түлүктөрдү сатып келип, балдарыма жана жубайыма каалаган тамактарын жасап берем.
Милиционердин тылы бекем болсо, ал кызматында ийгиликтерди жаратат деген эл арасындагы пикирге кошулам. Мени үй-бүлөм, эли-журтум колдоп турат, демек, мекениме ак кызматымды арнап, ийгиликтерди жаратуу-менин биринчи милдетим!
Ырысбүбү Сагымбаева

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button