Жарандык активист Талантбек Алиевич Мамытов билим берүү тармагындагы коррупциялык иштерге министрди айыптап Facebook социалдык тармактагы баракчасына төмөнкүдөй пикири менен бөлүшкөн:

«Урматтуу Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевич. Карапайым мугалимдердин жана ата энелердин кыжырына тийген коррупционер жетекчилерди жумуштан кетире албасаңыз, ал жерде эмне кылып отурасыз? Сизге көптөгөн кайрылуулар жана каттар кирип жатат, бирок бирине дагы жооп берген жоксуз. Сизди ал жерге коррупционер жетекчилерди коргоо үчүн эмес, реформа кылсын деп дайындашкан болуш керек. Эгерде ушундай көрүнүштөр улана берсе, анда сиздин жумуштан кетишинизди талап кылып чыгабыз. Президентибиз ар бир тармактын жетекчилигине реформа кылгыла деп ишеним көрсөтүп дайындаган болуш керек. А сиздер болсо сөз жүзүндө иштеп жатабыз деп, бирок иш жүзүндө эч бир кыймыл кылбай отурасыздар. Сиздерге окшогон жетекчилердин айынан сөздүн баары Президентке тийип жатат» — деп жазган жарандык активист.