Эгер коронавируска байланыштуу эпидемиологиялык абал начарлап кетпесе, Бишкектин көпчүлүк мектептери жазгы каникулдан кийин буга чейинки режимдегидей иштей баштайт. Бул тууралуу  маалымат жыйында Бишкек мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын башчысы Элмира Иманалиева билдирди.

«1-апрель күнү төртүнчү чейрек башталат. Биз аны үчүнчү чейректегидей эле режимде баштоону пландап жатабыз. Тагыраагы, жети класс (1, 2, 3, 4, 5, 9 жана 11-класстар) мектепке келип окушат. Калган төрт класс мурдагыдай эле онлайн-режимде окуй турсун деп жатабыз», — деди ал.

Ошондой эле Иманалиева жакынкы эки-үч аптадагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша чечим кабыл алынарын жана бардык окуучуларды мектепте окутууга шарт түзүлөрүнө үмүт кыларын кошумчалады.