Кыргыз-өзбек чек арасы 100 пайызга чечилди. Бул тууралуу маалымат жыйыны учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Өтө оор маселелерди карадык. Эч кандай талаштуу жер калган жок. Эки күндүк сүйлөшүүдөн кийин сегиз миң гектер жер Кыргызстанга жазылды», — деди Ташиев.

Эске салсак, алар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча 23-мартта Өзбекстанга учуп кеткен.