Бүгүн, 26-мартта, Баткен районунда, дене тарбия жана ден соолукту чындоо комплекси салтанаттуу ачылып, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Комплекстин ачылышына катышкан КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетекчиси Мунарбек Насиров, жалпы райондун жана шаар тургундарын бул саамалык менен куттуктап, калктын саламаттыгын чыңдоого жана сергек жашоо образын калыптандырууга багытталган комплекситин ишине ийгиликтерди каалады.

Белгилей кетсек заман талабына ылайык, жабык типтеги комплексте мырзалар, айымдар жана балдар үчүн, ден соолукту чыңдап, эс алуу үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Аталган жай Баткен шаарынын тургуну, жеке ишкер тарабынан курулду. Ишкер, түрк инвесторлору менен өнөктөш катары иш алып барган.