Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов бюджетке жардам берди. Бул тууралуу  маалымат жыйын учурунда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, жалпысынан коррупционерлерден өлкө казынасына 4 миллиард сомго жакын каражат чогулду. Чогулган каражат өлкөнүн бюджетине өткөрүлүп берилген. Аны кандай коротуу, кайда жумшоо Финансы министрлиги чечет.

Өмүрбек Бабановго көптөгөн изилдөөлөр жүрдү. Бизге чейин Финансы полициясы да изилдөө жүргүздү, биз дагы 2-3 ай изилдеп көрдүк. Бабановдун жакындары жана өзү эч кимге зыян келтирбегени аныкталды. Андан биз бюджетке жардам бер деп сурандык. Ал колунда бар жигит, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине эмес, өлкөнүн бюджетине каражат төктү”, – деди Ташиев.

Эске салсак, буга чейин саясатчы Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иштер токтотулуп, мамлекеттин эсебине өз ыктыяры менен 100 миллион сом өлчөмүндө каражат которууга келишим түзгөнү айтылган.