Учурда социалдык тармактарда Жерүй кени боюнча президент Садыр Жапаровго каршы чабуулдар көбөйдү. Ушуга байланыштуу бул маселени ачык (цифраларга таянып) аныктап дыкат тактайлы:

Жерүй кенин иштетүү лицензиясы «Альянс-Алтын» ЖЧКсына 2015-жылдын 4-майында (тендердин жыйынтыгынын негизинде) берилген. Аны орусиялык «Восток-Геолдобыча» компаниясы утуп алган. (Бул иш президент А.Атамбаевдин доорунда болгон).


Ошол эле учурда, 1990-жылдардын башынан бери бул кенде 7 иштеп чыгуучу алмашты. Акыры пайдалануу укугу 100 млн. долларга сатылды жана заводдун расмий ачылышы 2021-жылдын 17-мартында болду.
2016-жылдын 1-январына карата аныкталган Жерүйдүн запастары (КР минералдык запастары боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан) төмөнкүдөй бекитилген:

А) Алтын — C1 + C2 балансы — 88 231 кг, баланстан тышкары — 17 322 кг;

В) Күмүш — С2 категориясы боюнча баланс — 24 349 кг, баланстан тышкары — 6 004 кг. Күмүштүн запасы 25 тоннадан ашык.

С) Алдын-ала технологиялык эсептөөлөргө ылайык, кенде иштөөнүн бүткүл мезгили (20 жыл) жалпысынан 80 тоннага жакын алтын өндүрүлөт. Эгерде орто эсеп менен $1700/унция баасына таянсак, анда алтынды сатуудан түшкөн кирешеси (2,5 млн. унция болот) – акча түрүндө бул $4,2 млрд. барабар. Ошентип, алтындын 1 унций орточо жалпы наркы $700 болсо, анда тоо-кен казып алуунун бардык кирешесм (4,2-1,7 (2,5х700) — $2,5 млрд. түзөт.

Ошол эле учурда, Кыргызстандын бардык чегерүүлөрүнүн суммасы болжол менен $ 1 млрд. түзөт (Өндүрүш салыгы — 11%; роялти — 5%; жергиликтүү салык — 2%; социалдык төлөмдөр — 2%, социалдык пакет — 0,5%. Бардыгы: 20,5%).

Ошентип, өндүрүлгөн алтындан түшкөн пайда 60% Россия тарапка, 40% Кыргыз тарапка бөлүштүрүлөт. Жылына 5 тоннага жакын алтын өндүрүлсө, бюджетке жыл сайын $65 млн. ашык каражат түшөт.

Мисалы, Кумтөрдө 2020-жылы 17,7 тонна алтын өндүрүлүп, дүң киреше $960 млн. түзгөн, ошол эле учурда бюджетке жана социалдык төлөмдөргө жалпы төлөмдөр $145 млн. түзгөн (Бардыгы: 15%).