Блогер блок

«Партиялык система «чимкирик система» деп аталып, элибиз каршы чыкты»

Кыргызстандын 2010-жылы 7-апрелден кийин кабыл алынган партиялык башкаруу системасы 10 жылдын ичинде мамлекетти көптөгөн саясий жана экономикалык кризиске такады. Ошол учурда бул партиялар башкаруу системасын кабыл алуу элдин талкуусуна коюлган эмес, элдин пикири да эске алынбагандыктан акыры баардыгы туңгуюкка келип такалды. Тыянагында – 10 жылдан кийин 2020-жылы элибиз жаңы Конституцияны кайрадан талап кылды. Себеби, партиялык башкаруу системасы жемишин берген жок. Эл тажады, жоопкерчиликти алган адам болбоду.

Элибиз партиялык системаны «чимкирик система» деп атап, бул системага каршы чыкты. Тактап айтканда, эл Текебаевдин партия системасына каршы Президенттик башкаруу жолун тандады. Аны менен кошо Жогорку Кеңеш курамын бир мандаттуу системанын негизинде бекитүүнү талап кылды.

Эми бул элдин демилге-тандоосун 11-апрелдеги референдумда бекитишибиз зарыл. Болбосо, элдин талабына каршы чыгып, биз чоң саясий проблемага такалуу коркунучу турат. Мындай акыбалды «Промедление – смерти подобно» деп айтылат тарыхта. Ошондуктан, бир карыш алдыга таштап, кийин эки кадам артка чегинген туура эмес. Элдин пикирин эске алуу менен 11-апрелдеги тарыхый күндө референдумду колдоп, мамлекетибиздин келечеги үчүн чечкиндүү кадам ташташыбыз керек.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button