Кыргыз өкмөтү COVID-19га каршы күрөшүү үчүн Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан 17 миллион доллар алат. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каражаттын жарымы (8,5 миллион доллар) кредит, жарымы грант түрүндө берилери айтылат. Долбоор «Үчүнчү айылдык инвестициялар долбоорунун алкагында кошумча каржылоо (COVID-19 менен күрөшүү)» деп аталат.

Насыя алуу боюнча келишимге экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков кол койгон.

Долбоор экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү өркүндөтүүгө (экономикалык инфраструктуранын объектилерин каржылоо, киреше алып келүүчү долбоорлор) жана айылдарда алгачкы медициналык-санитардык жардамга, ошондой эле гигиенага жеткиликтүүлүктү арттырууга багытталган.