«Ачык айтайын! Кийинки мезгилде, Садыр менен Камчынын ортосунда кара мышык өтүп, касташып мушташканга чейин барып атышыптыр деген ушак сөз эл арасында желдей тарады!

Урматтуу кыргыз элим, экөөнүн тең башынан чоң сыноолор өттү, чоң жоготуулар болду… Бири түрмөдө кескиленип запкы көрсө, экинчиси “пандемиянын” муунткан оорусунун тузагынан аман калды… Экөө кыргыз элин ара жолго калтырбайт!

Эгерде, кызмат абалынан пайдаланып “көөп”, мансап талашып элдин тагдырын ойлобой мамлекеттүүлүктү жоготууга алып келсе! Экөөнү кудай кечирбейт!

Бирок! Ак калпактуу элим, өткөн кеткенди кек сактабай сууга салып, жогорудагыдай ушакка ишенбейли …

Айтаарым! Митингчиленген позицияңбы, оппозицияңбы, кызматка таарынып таарынбагың, эркегиңби аялыңбы, кары жашыңбы, жамакчы чечен, жазмакериңби кыскасы баарыбыз бир муштамдай “түйүлүп” азыркы эл ишенимин алган бийдикке убакыт берип, мамлекетибиздин келечеги үчүн, бийликтегилердин белсенип кылган кызматын сүрөп туралы… Калганын убакыт көрсөтөт!».

Yrysbek Kalygulov