2021-жылдын 26-мартында КР тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун башкы катчысынын Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү, БУУнун Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия борборунун башчысы Наталья Герман менен жолугушту. Бул тууралу ТИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Тараптар өлкөдөгү саясий жана социалдык кырдаалды жана алдыда боло турган реформалардын жүрүшүн, КРнын жаңы Конституциясынын долбоорун, мыйзамдарды инвентаризациялоону, адам укуктары менен эркиндиктерин илгерилетүүнү, ошондой эле актуалдуу маселелерди жана БУУ менен кызматташтыкты талкуулашты.

Тактап айтканда, министр Р. Казакбаев маектешине БУУ системасына жана башкы катчы А.Гуттеришке БУУнун өнүгүү программаларынын алкагында Кыргызстанды туруктуу колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоо, Конституция жана парламенттик шайлоо боюнча референдум жөнүндө кеңири маалымат берди.

Министр Р.Казакбаев эл аралык реакцияны жараткан алдыдагы Конституция боюнча референдум тууралуу маалымат берип, ушул жылдын январь айында добуш берген жарандардын 84%ы президенттик формага өтүүнү колдогонун белгиледи жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири таанылган демократиялык президенттик шайлоолор элдин демократиялык эркине толугу менен шайкеш келип, шайланган КРнын президенти Садыр Жапаров 79% добуш менен бекитилген мандатка таянуу менен саясий ишмердүүлүк жүргүзүп жатканын айтты.

Тышкы иштер министри Кыргызстан мамлекеттик башкарууну реформалоо процессинде демократиялык жолдон жана принциптерден кайтпай турганын жана азыркы бийлик элдин ишенимин актоо үчүн чечкиндүү чараларды көрүп жатканын билдирди.

Өз кезегинде, Н.Герман БУУ ар дайым Кыргызстандын ишенимдүү өнөктөшү болорун баса белгилеп, БУУнун өлкөдөгү агенттиктеринин ишмердүүлүгүнө колдоо көрсөтүлүп жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, БУУнун башкы катчысы саясий, экономикалык жана экологиялык кризистердин, ошондой эле мамлекеттер аралык коркунучтардын алдын алуу максатында Кыргызстандагы жана региондогу динамикалык саясий жана демократиялык процесстерди байкап турганын айтты.

Алдыдагы жергиликтүү шайлоолор, Конституция боюнча референдум жана парламенттик шайлоолор демократиялык принциптерге ылайык өтсө деген тилегин билдирип, БУУнун башкы катчысынын атайын өкүлү БУУнун системасы Кыргызстандагы парламенттик шайлоолорго ар тараптуу жардам жана кол колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Мындан тышкары, Н.Герман КОВИД-19 пандемиясынын социалдык-экономикалык кесепеттерине каршы күрөшүүдө, мамлекеттик башкарууну реформалоодо, мыйзамдарды инвентаризациялоодо, инвестициялык климатты жакшыртууда КРнын артыкчылыктуу багыттарын колдой турганын баса белгиледи.

Маалымат үчүн: Борбордук Азия үчүн превентивдүү дипломатия боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун регионалдык борбору — Борбордук Азиянын беш өлкөсүнүн өкмөттөрүнүн демилгеси менен 2007-жылдын 10-декабрында Ашхабад шаарында түзүлгөн БУУнун атайын саясий миссиясы болуп саналат. Борбордун негизги милдети — Борбордук Азия мамлекеттерине региондогу тынчтыкка жана коопсуздукка мүмкүн болгон коркунучтарды аныктоодо жана четтетүүдө көмөктөшүү болуп эсептелет. Мындан тышкары, аталган борбор регионалдык жана эл аралык уюмдар менен биргеликте Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өнөктөштүктү илгерилетүүгө жардам берет.