Бишкекте 18 миңге жакын турак-үйүнө жаратылыш газы орнотулду. Бул тууралуу 25-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков билдиргенин парламенттин басма сөз кызматынан маалымдашты.

Биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу үчүн автоунаалардын түтүнүнүн зыянын азайтуучу катализаторлордун сыртка чыгарылып кетүүсүнө тыюу салуу, электромобилдерди алып келүү жана пайдалануу үчүн инфратүзүмдөрдү жакшыртуу, таштанды полигонун рекультивациялоо, жеке менчик турак-жайларды газдаштыруу багытында кандай иштер жасалып жаткандыгы боюнча маалымат берди.

“Атап айтканда, 38 калктуу пункттарда жана турак-жай конуштарында 875 газ куурлары орнотулду, 18 миңге жакын турак-үй газга уланды. Ошондой эле шаардагы мончо комплекстери жана өнөр жай ишканалары тарабынан тазалоо системдерин орнотуу боюнча милдеттенмелер кандай аткарылып жаткандыгын көзөмөлдөө жаатында иштер жасалды», — деген ал.