30 жылда чечилбей келген
“чек ара” көйгөй маселелери жеке президент Садыр Нургожоевичтин катуу көзөмөлүнүн астында Кыргызстандын кызыкчылыгы үчүн чечилүүдө.
1/2

Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын сүйлөшүүлөрү аяктады.

Чек аралардагы тактала элек маселелер эки тараптын тең кызыкчылыгын көздөө менен 100 пайыз чечилип, протоколго кол коюлду.

Кыргыз тарапка мурда талаштуу болуп жүргөн жерлер кайра такталып жазылды. Алар:

-Көк-Серек айылы-105 гектар;

-Баястан айылы — 212 гектар;

-Ак-Таш — 100 гектар(Кара-Суу району) ;

-Ункар-Тоо (Үнкүр-Тоо) 35 гектар (сөз болуп жүргөн тоо Кыргызстанга өттү);

-Кара-Белес участогу — 25 гектар (кайра алынды);

-Гавасай деген жер Наманган менен Жалал-Абад облусунун чектешкен жеринде жайгашкан. Андагы 8000 гектар жер Кыргызстанга жазылды.

Ал аймакта 5-6 айыл жана жайлоолор бар. Мурда бул жерде бир нече жолу ок атылып, ызы-чуу чыккан. Эми ал жерлер толугу менен Кыргызстанга өттү.

Шахрихан-Сай деген жерден 50 гектар Өзбекстанга берилди. Ордуна 50 гектар жерди Өзгөндүн жогору жагынан алынары айтылды.