Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Мамлекет башчысынын Аппаратынын жетекчилиги жана кызматкерлери менен бирге бүгүн, 27-мартта, Бишкек шаарындагы Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынын аймагында ишембилик өткөрдү.

Иш-чарага ошондой эле борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов дагы катышты.

Ишембиликтин катышуучулары сейил бакка бак-дарактардын көчөттөрүн отургузуп, аймагын тазалап, көрктөндүрүштү.

Ошондой эле Садыр Жапаров Президенттин Аппаратынын кызматкерлери менен баарлашып, өлкөдөгү болуп жаткан коомдук-саясий процесстерге, анын ичинде жергиликтүү кеңештерге шайлоо жана референдумга токтолду.

Ал кандай гана деңгээлдеги шайлоо болбосун, жергиликтүү кеңештердеги шайлоо процесстериби же өлкөнүн парламентинеби аларды таза жана ачык өткөрүүнүн маанисин белгиледи.

Садыр Жапаров бийликтин алмашуусуна алып келген эгемендик мезгилиндеги элдик толкундоолордун үчөө тең адилетсиз шайлоого нааразычылыктан улам болгонун эскерди.

Мамлекет башчысы шайлоону калыс жана таза өткөрүү — бул мамлекетте тынчтыктын, туруктуулуктун жана өнүгүүнүн кепилдиги экендигин баса белгиледи.